Коряк кырка тоосу

Википедия дан
Коряк кырка тоосу.

Коряк кырка тоосу, Коряк тайпак тоосу - Сибирдин түндүк-чыгышында. Беринг деңизиндеги Анадырь булуңунан Камчаткадагы Параполь ойдуңуна чейин 800 кмге созулуп жатат. Орточо бийиктеги чолок кырка тоолордон (Пенжина, Рарыткин), жалчалардан жана токол тоолордон турат (орточо бийиктиги 1000–1800 м, эң бийик жери 2562 м, Муздуу чоку). Капталдарында 200–400 м бийикке чейин ольха бадалдары жана жапалак кедр, андан жогору чөп-эңилчектүү жана таштуу тоо тундра өсүмдүктөрү өсөт. Түндүк капталдарында мөңгүлөр бар (жалпы аянты 205 км2). Таш көмүр, алтын, күмүш, сымап жана сурьма кендери бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]