Кочку

Википедия дан

Кочку«Манас» эпосунун кейипкери. Эпос боюнча Жакыптын айлына канатташ жашаган алтайлык калмактардын айыл башчысы, эң алгач жоо менен беттешип Манас жекеде өлтүргөн баатыр. Саякбай Каралаевдин вариантында баатыр Манас он эки жашка чыкканда К. Эсенкандан келген кат боюнча жети жүз киши менен жер коруп келип, Эсенкан издетип жүргөн Манас сенин балаң экен, бергин деп Жакыпты камап, жылкысын тийип алып айдап жөнөйт. Намыстанган жаш Манас келген колду кырып, алардын аттарын элге бөлүп берет. К-нун образы аркылуу Манас эрезеге жетип, ат жалын тартып минип колуна курал алып, эл коргогонго алы жеткенче чабылып-чачылып душмандардын арасында калган кыргыздарды ар ким басмырлаганы берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4