Кош өпкөлүүлөр

Википедия дан
Neoceratodus forsteri.

Кош өпкөлүүлөр (лат. Dipnoi) — балыктардын бир чоң түркүмү. буларга протептерус (Protopterus) жана лепидосирен (Lepidosiren) кирет. Алар негизинен кош өпкөсү жана жипке окшогон эшилген кош сүзгүчтөрү менен мүнөздөлөт. Денеси сүйрү келип, туурасынан кескенде жумуру. Мындан башка кош дем алуучулардын личинкасынын бакалоор капкакчасынын арт жагында куш жүн сымал төрттөн сырткы бакалоорлору да бар. Жайында кургап калуучу тузсуз сууларда жашайт. Жылдын мындай мезгилинде балыктар баткак менен денесин кокон сымал ороп, ылайга (баткакка) көмүлүп алышып уйкуга өтөт. Ушул учурда дем алуусу бошоң (араң) өпкөсүнүн жардамы менен жүрөт, аба өпкөгө оозунун карама-каршысында орун алган кокондогу атайын тешиктер аркылуу кирет. Жаан-чачын болгон учурда кокон эзилип кетет да, уктап жаткан балык кокондон чыгат. К. ө. дүйнөнүн ар башка бөлүктөрүндө таралган: протоптерус экватордук Африканын тузсуз сууларында, лепидосирен – экватордук Америкада (Амазонканын бассейнинде) кезигет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]