Коёнду мөңгүлөрү

Википедия дан

Коёнду мөңгүлөрү - Борбордук Теңир-Тоодогу Ак-Шыйрак тоо тоомунун түштүк-чыгыш капталында жанаша жаткан үч мөңгү (Коёнду, Сол жана Оң Коёнду). Коёнду - татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 8 км, аянты 24,3 км2. Башы деңиз деңгээлинен 5000 м, этеги 3850 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4425 м. Абляциясынын аянты 7,7 км2. Мөңгү жалпак фирн талаасы менен капталган. Коёнду ашуусу аркылуу Түштүк Кара-Сай мөңгүсүнө туташып, бир системаны түзөт. Акыркы жылдарда бир топ кыскарган. 1933 жана 1943-ж. Сол жана Оң Коёнду мөңгүлөрүнө бөлүнүп кеткен. Сол-Коёнду мөңгүсүнүн узундугу 5,1 км, аянты 8,1 км2. Өрөөн тибиндеги мөңгү. Башы деңиз деңгээлинен 4917 м, этеги 3880 м бийикте жайгашкан. Кар чегинин бийиктиги 4490 м. Абляциясынын аянты 4,5 км2. Оң Коёнду мөңгүсүнүн узундугу 5,1 км, аянты 7,3 км2, көлөмү 0,715 км3. Өрөөн тибиндеги мөңгү. Башы деңиз деңгээлинен 5100 м, этеги 3880 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4200 м. Абляциясынын аянты 1,9 км2. Мөңгүлөрдөн Ак-Шыйрактын сол куймасы - Коёнду суусу башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]