Коңгуроо кайда?

Википедия дан

Шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 10—20 киши.

Оюн аянтчада, спорттук бөлмөдө өткөрүлөт,

Оюнда коңгуроо, жоолук колдонулат.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчи шайланат да, калган оюнчулар экиден тегерек болушуп турушкандан кийин, шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кезектери келгенде ортого экиден болушуп чыгышып, алардын бирөөсүнүн көздөрү жоолук менен таңылат, экинчисинин колуна коңгуроо берилет.

Коңгуроо кармаган оюнчу, тегеректин ичинде коңгуроону коңгуратып басып жүрүшү керек. Көздөрү таңылган оюнчу коңгуроону коңгуроткон оюнчуну кармагандан кийин, ортого кезектеги оюнчулар чыгышат. Ошентип, оюн каалашкан убакытка чейин уланышы мүмкүн. Атаандашын тез тапкан оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун башка түрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Коңгуроочу кайда. Ортого экиден чыгышкан оюнчулардын көздөрү таңылгандан кийин, алардын бирөөсүнө коңгуроо берилет, ал оюнчу тегеректин ичинде коңгуроону коңгуротуп жүргөндө, экинчиси аны кармап алышы керек.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көздөрдү катуу таңууга, айтууга, алдоого, тынчтыкты бузууга, көздөн жоолукту чечүүгө болбойт.

Методикалык көрсөтмө.Оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, таза болушу керек. Оюнчулардын саны көп болсо, аларды топторго бөлүү талапка ылайык.

Педагогикалык мааниси. Тапкычтыкка, бир нерсеге көңүл коюуга, багыт алууну, тартипти сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]