Коңорчок (өсүмдүк уруусу)

Википедия дан
Halimodendron halodendron.

Коңорчок (өсүмдүк уруусу) (лат. Halimodendron) – чанактуулар тукумундагы өсүмдүк уруусу. Бийикт. 2 мге жеткен бадал. Жалбырагы жуп, канаттай. Жалбырак огунун учу жана жан жалбыракчасы тикенек түрүндө. Гүлдөрү мала кызыл же кызгылт, көгүш, ак. Мөмөсү – чанак. Уругу күрөң, формасы бөйрөктөй, топ гүлү чачыдай. К. Иранда, Монголиянын түндүк батышында, Европада, Кавказда кездешет. Кыргызстандын бардык райондорундагы тоо этектеринде, көлдүн, өзөндүн боюндагы шор топурактуу жерде өсөт. Тамырында жүндү сары түскө боёчу пигменти бар. Токой тилкелерин өстүрүүдө жана кооз өсүмдүк катары айрым райондордо колдо өстүрүшөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]