Коңулдар

Википедия дан

Коңулдар (Bays - Отсек). Системдик блоктун ичине кошумча түзүлүштөр орнотулуучу бош орундар коңулдар (булуңдар) деп айтылат. Бул орундар көпчүлүк учурда диск орноткучтар үчүн колдонулгандыктан, аларды орноткуч коңулдар деп дагы атап коюшат. Системдик блоктун жогору жагында катар жайгашкан эки же андан көп коңулдар торчолор деп аталат. Сырткы коңулдар киргизүү жана чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон сактагыч жабдууларды, атап айтканда, ийилчээк диск, тасма жана CD-ROM түзүлүштөрүн орнотууда колдонулат. Ички коңулдарга сырттан жетүүгө болбойт жана алар катуу дискти орнотууда пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы, У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак, Бишкек 2004. ISBN 9967-14-014-3