Кресттүүлөр жортуулдары

Википедия дан

Кресттүүлөр жортуулдары – 1096–1270-ж. христиандардын ыйык жерлерин мусулман бийлигинен бошотуу урааны менен батыш европалык феодалдардын жана католик чиркөөсүнүн Чыгышка (Сирия, Палестина, Түндүк Африка) карай баскынчыл согуштары. Кресттүүлөр жортуулдарына катышкандар кийимдерине крест белгисин тагынышкан (жортуулдун аты ушундан улам аталган). Кресттүүлөр жортуулдарынын чыгышына Кичи Азиядагы Византиянын ээликтерин жана христиандардын «ыйык шаары» Иерусалимди түрк-селжуктардын басып алышы (11-кылым ) шылтоо болгон. Византия императору түрк-селжуктарга каршы батыштан (Рим) согуштук жардам сурап кайрылган. Экономикасы жакшы өнүккөн Жакынкы Чыгышты басып алуу батыштын бийлөөчү чөйрөсүнүн негизги максаты болгондуктан, папачылык андан пайдаланып, Кресттүүлөр жортуулдарын баштоого демилге көтөргөн. Биринчи крест жортуулунун (1096–99) натыйжасында Кичи Азияда кресттүүлөрдүн алгачкы мамлекети – Эдес графтыгы түзүлгөн (1098). Кресттүүлөр Иерусалимди каратып (1099), Иерусалим королдугун негиздеген. 1144-ж. мусулмандардын Эдес графтыгын басып алышы менен экинчи крест жортуулу (1147–49) башталган. Эдес графтыгын мусулмандардан бошотуу үчүн жортуулду ыйык Бернар Клервоский уюштуруп, Франция жана Германия королдору Людовик VII менен Конрад III жетектеген. Кресттүүлөр Кичи Азияга жеткенде селжуктардан талкаланып, чегинүүгө аргасыз болгон. 1187-ж. египеттик султан Салах-ад-Диндин Иерусалимди басып алышы үчүнчү крест жортуулунун (1189–92) башталышына шылтоо болгон. Иерусалимди бошотуу үчүн монархтар – Германия императору Фридрих I Барбаросса, Англия королу Ричард I Арстан Жүрөк жана Франция королу Филипп II Август башында турган кресттүүлөрдүн аскери 1191-ж. Акра чебин басып алып, Салах-ад-Дин менен тынчтык келишим түзүшкөн. Бирок, Салах-ад-Дин келишимдин шарттарын аткарбагандыгы үчүн Ричард I Арстан Жүрөк 2000 мусулман туткунунун башын алып салууга буйрук берген. Натыйжада христиан зыяратчылары үчүн Иерусалимге эркин кирүүгө шарт түзүлгөн. Рим папасы Иннокентий III Египет мусулмандарына каршы уюштурган төртүнчү крест жортуулунда (1202–04) Константинополь шаары алынып, Латын империясы түзүлгөн. Австрия герцогу Леопольд VI жана венгр королу Андраш II Египет менен Сирияны басып алуу максатында бешинчи кресттүүлөр жортуулун (1217–21) уюштурган, бирок жортуул ийгиликсиз аяктаган. Алтынчы кресттүүлөр жортуулу (1228–29) Иерусалимди ээлөөгө багытталган. Натыйжада Иерусалим, Вифлеем жана Назаретти кайтарып берүү жөнүндө Ыйык Рим императору Фридрих II Египет султаны менен келишим түзгөн. Франция королу Людовик IX башында турган Египетти басып алуу үчүн жетинчи (1248–54) жана Тунис султанын христиан динине өткөрүүгө багытталган сегизинчи Кресттүүлөр жортуулдары (1270) королдун туткундалышы жана өлүмү менен аяктаган. 1291-ж. Акра чеби мусулмандардын колуна өтүшү менен кресттүүлөр Кичи Азиядагы басып алган жерлеринен биротоло ажыраган. 200 жылга созулган Кресттүүлөр жортуулдары Чыгыш элдерине бир топ зыян келтирип, христиан жана ислам дининин пикир келишпестиктерине алып келген, бирок Батыш Европа өлкөлөрүнө чыгыштын техникалык, чарбалык жана маданий жетишкендиктеринин жайылышын шарттаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]