Крикун, Василий Гаврилович

Википедия дан

Крикун Василий Гаврилович - (1918-ж. т., азыркы Сузак району, Октябрь кыштагы) — Советтер Союзунун Баатыры (1943). жылдан КПСС мүчөсү. Улуу Ата Мекендик согушка чейин ветеринар-фельдшер болуп иштеген. 1942-жылы ноябрдан фронтто; старший сержант, Кызыл Туулуу 315-аткычтар дивизиясынын 362- аткычтар полкунда отделение командири. Мелитополь шаары үчүн салгылашта эрдик көрсөткөн. Душмандын бронепоездин жарган. Автоматчылар тобу менен душмандын штабын талкалап, штаб офицерин туткунга алган. Душмандын 18 танкын, 6 автомашинасын, 5 замбирегин иштен чыгарган (1943). Ал аскер окуу жайында окуган. Согуштан кийин Анжияндагы мончо - кир жуучу комбинаттын директору, Жалал-Абаддагы «Коминтерн» артелинин председатели. 1978-жылдан пенсияда, Новосибирск шаарында жашайт. Ленин ордени менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Ф., 1973-ж.