Фельдшер

Википедия дан

Фельдшер — орто билимдүү медициналык кызматкер.
Ал врачка чейинки медициналык жардам көрсөтөт, ошондой эле оорунун алдын алуу жана эпидемияга каршы чараларды жүргүзөт. Фельдшер — врачтын жардамчысы жана анын жетекчилиги астында иштейт. Врачтын көрсөтмөсү боюнча медициналык ар кандай манипуляцияларды, процедураларды, лабораториялык жөнөкөй изилдөөлөрдү, өз алдынча жүргүзүүсү, ошондой эле катуу кармаган ооруларда, кырсыкка учураганда, ууланганда фельдшердин өз алдынча медициналык жардам көрсөтүү иштери Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министерствосу бекиткен жободо көрсөтүлгөн.
Фельдшер-акушердик жана өнөр жай ишканаларындагы фельдшердик медициналык пункттарда фельдшер оорулууларды өз алдынча амбулаториялык кабыл алат, үйдө медициналык жардам көрсөтөт. Фельдшер врачтык жардамга муктаж болгондорду өз убагында дарылоо-алдын алуу мекемелерге жөнөтүүгө, зарыл учурда кошо барууга милдеттүү. Фельдшерлер медициналык орто окуу жайларында 8 жылдык билими менен 3 жыл 6 айда, ал эми 10 жылдык билими менен 2 жыл 6 айда даярдалат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8