Мазмунга өтүү

Крым согушу

Википедия — ачык энциклопедия
("Крым согушу (1853–56)‎"‎ барагынан багытталды)
Крым согушу

Крым согушу (1853–1856), Чыгыш согушуЖакынкы Чыгыш үчүн Орусиянын Улуу Британия, Франция, Осмон империясы, Сардиния коалициясы менен болгон согушу. XIX кылымдын ортосунда Улуу Британия менен Франция Орусияны Жакынкы Чыгыш рыногунан чыгарып, Түркияны өзүнө баш ийдирген. Император Николай I Жакынкы Чыгышты Улуу Британия менен ортоктош бийлөө жөнүндөгү аракетинен натыйжа чыкпагандан кийин, Түркияга түздөн-түз кысым жасоо менен позициясын калыбына келтирүүнү чечкен. Улуу Британия жана Франция чыр-чатакты күчөтүп, Орусияны начарлатууга, андан Крым, Кавказ ж. б. аймактарды тартып алууга умтулган. Согуштун башталышына православ жана католик динчилеринин ортосунда Палестинадагы «ыйык жерге» ээ болуу үчүн 1852-ж. чыккан талаш-тартыш шылтоо болгон. Түркия 1853-ж. 4 (16)-октябрда Орусияга согуш жарыялаган, бирок орус армиясы чабуулдун мизин майтарган. Вице-адмирал П. С. Нахимов жетектеген орус армиясы Синоп салгылашуусунда түрктөрдүн Кара деңиздеги флотун талкалаган. Түркиянын жеңилиши Улуу Британия менен Франциянын согушка киришин тездеткен. 1853-ж. 11 (22)-апрелде Англия-Франция эскадрасы Одессаны аткылаган. Севастополь 1854–55-жылдары 349 күн баатырдык менен коргонуп, душманга багынган эмес. 1855-ж. 14 (26)-январда Орусияга каршы согушка Сардиния королдугу кирген. Душмандын бир нече чабуулунан кийин орус аскери Севастополду таштап, түндүккө чегинген. 1855-жылдын аягында согуштук кагылышуулар басаңдап, Венада кайрадан сүйлөшүүлөр башталган. Орусия согуштук курал-жарак, техника жана экономикалык жактан Батыш Европадан өтө артта калган. Швеция, Пруссия жана Австриянын Орусияга кастыгы курчуган. Ушундай кырдаалда орус падышалыгы 1856-ж. 18 (30)-мартта Париж тынчтык келишимине кол коюуга мажбур болгон. Кырым согушу эки тараптан тең адилетсиз, басып алуучу мүнөздө болгон.