Кр куралдуу күчтөрү
Кр куралдуу күчтөрү – КРдин эгемендүүлүгүнө, көзкарандысыздыгына, аймактык бүтүндүүлүгүнө каршы сырттан колсалуулардан коргоого, ошондой эле эларалык келишимдерге ылайык, КМШга катышкан мамлекеттер менен бирдикте баскынчылыктан коргонууга арналган мамлекеттик аскердик түзүм. КР К. К-нүн курамы жөө аскер, аскер-деңиз, аскердик аба, абадан коргонуу бөлүктөрүнөн, аскердик мекемелер менен аскердик окуу жайларынан, жергиликтүү аскердик башкаруу органдарынан турат. КР К. К-нө түздөнтүз жетекчилик кылуу КР Коргоо министрлигине жүктөлөт.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7