Кубанычбек Адамалиев

Википедия дан
Кубанычбек Адамалиев
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Кубанычбек Адамалиев
Туулган жылы: 22-январь 1947-жыл
Туулган жери: Кочкор айылы, Кочкор району, Нарын облусу, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желеги
Ишмердүүлүгү: балдар жазуучусу, дарыгер

Адамалиев Кубанычбек (1947-жылы туулган, Нарын облусу, Кочкор району, Кочкор айылы) хирург, медицина илимдеринин доктору (1996), профессор (1996). 1971-ж. КММИнин педиатрия факультетин, 1976-ж. аспирантураны бүткөн.

1970-жылдан Бишкектеги №3 балдар ооруканасында хирург, КММИде ассистент, доцент, 1996-жылдан балдар хирургиясы кафедрасынын профессору, ошол эле учурда 1996-жылдан "Ден соолук”- "Здоровье” журналынын башкы редактору. 120дан ашык илимий эмгеги балдар хирургиясына арналган, 4 окуу китебинин, 2 ойлоп табуунун автору.

1966-жылдан жазуучу катары да белгилүү. Анын «Кандаш адамдар» (1971), «Врачтын түшүнүгү» (1977), «Кечмелик» (1980), «Эненин ак сүтү» (1989) повесттер жана аңгемелер жыйнагы, «Жүрөк кагуусун уланта берет» романы (1985), «Быйылкы жаз менин айылымда» (1973), «Шаттык» ж. б. ырлар жыйнагы жана поэмалары жарык көргөн. Эмгектери: Социальные проблемы и актуальные вопросы сепсиса у детей. Б., 1993; Инфузионная терапия сепсиса у детей. Б., 1993.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Мен жашыкмын бала кезден жашыкмын,Оор болсо да бул турмушка ашыкмын" Archived 2011-08-23 at the Wayback Machine КУБАНЫЧБЕК АДАМАЛИЕВ КЫРГЫЗ ПЕЙЛИ(жеткиликсиз шилтеме)