Кубатбек Жусубалиев

Википедия дан
Кубатбек Жусубалиев
Туулган датасы:

30 -октябрь 1941(1941-10-30) (82 жаш)

Туулган жери:

Алай району, Кердегей айылы

Кубатбек Жусубалиев - жазуучу, 1941-жылы 30-октябрда Алай районундагы Кердегей айылында туулган. 1963-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп,
1965–1967-жж. Москвадагы Жогорку сценарийдик курстун угуучусу болгон.
Эмгек жолун 1957-жылы колхоздо иштөө менен баштаган.
1953-жылдан баштап Чоң-Алай айылындагы «Кыргызстан» сегиз жылдык мектебинде мугалим болгон.
1964-жылдан облустук «Ленин жолу» гезитинин адабий кызматкери,
1965–1985-жж. «Кыргызтелефильм» студиясында редактор болуп иштеген.

Чыгармачылык ишмердүүлүгү 1963-жылдан башталып, биринчи аңгемелер жыйнагы «Күн автопортретин тартып бүтө элек» деген ат менен 1967-жылы басылып чыккан. Бир катар толук метраждуу көркөм жана даректүү фильмдердин сценарийлерин жазган.
1975-жылдан СССР Кинематографисттер союзунун, 1981-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Күн автопортретин тартып бүтө элек: Повесть, аңгемелер.– Ф.: Кыргызстан, 1967. – 110 б.
  • Толубай сынчы: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1981.– 184 б.
  • Муздак дубалдар: Романдар жана повесть.– Б.: Адабият, 1990. – 432 б.
  • Жети сөз жана Конфуций: Көркөм чыгармалар.– Б.: Учкун, 2003. – 488 б.