Кудайбергенов Ташмуканбет

Википедия дан

Кудайбергенов Ташмуканбет [1896, Бишкек уезди, Лебединовка болушу, Жедигер айылы (азыркы Кант району) – 1957, ошол эле жер] – советтик, партиялык кызматкер. Бишкектеги орус-жергиликтүү жана айыл чарба мектебинде окуган. 1916-жылкы көтөрүлүшкө катышкан. 1917-жылы «Букара» союзун уюштуруучулардын бири. 1917–18-жылдары солчул эсерлердин партиясында турган. 1918-жылы май – декабрда Бишкекте «Шура-и-Ислам» шаардык комитетинин катчысы болгон. 1918–21-жылдары Кызыл Армияда катардагы жоокер, Бишкек комиссариатында улут иштери боюнча бөлүмдүн жана РКП(б)нын мусулман бюросунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, Түрк-фронттун революциячыл трибуналынын мүчөсү катарында Жетисуу тобунда иштеген, Бишкек 1-атчандар полкунда эскадрондун командиринин жардамчысы. 1921-жылы РКП(б)нин 10-съездине делегат болуп, Кронштадт козголоңун басууга катышып, Кызыл Туу орденин алган. 1921-жылы Нарын уезддик ревкомунун, «Кошчу» союзунун Бишкек уезддик комитетинин төрагасы. 1921– 22-жылдары Жети-сууда жер-суу реформасын жүргүзүүгө катышкан.
1922–23-жылдары Бишкек уезддик-шааркомунун жооптуу катчысы болуп иштеген. 1921–22-жылдары жаатташкан күрөшкө катышкандыгы үчүн партиянын катарынан чыгарылып, кайта Түркстан КП БКда партиялуулугу калыбына келтирилген. 1923–24-жылдары Кара-Кол, Нарын уезддик аткаруу комитетинде иштеген. 1924-жылы июлдан Фергана облаткомунда, 1925-жылдан Бишкек кылмыш издөө бөлүмүнүн башчысы, ошондой эле Кыргыз облустук сотунун төрагасынын орун басары.
1925-жылы Орто Азия бюросуна жана РКП(б) БКнын адресине жазылган «отуздун» арызы аттуу белгилүү каттын авторлорунан болгон. 1927-жылы Кыргыз АССР Борбордук аткомунун 1-сессиясында республиканын юстиция эл комиссары жана прокурору болуп шайланган. 1930-жылы «кызмат абалынан кыянат пайдаланды» деген айып менен 5 жылга эркинен ажыратылган. 1931-жылы 25-июлда саламаттыгына байланыштуу поселенияга Ташкенге жиберилген. Ал 1931–37-жылдары Өзбекстанда иштеген. 1937-жылы «Советке каршы ишмердиги» үчүн 10 жылга кесилген. 1947-жылы август айында бошонуп, 1948-жылы ноябрда кайрадан (үчүн-чү жолу) камакка алынган. 1949-жылы Красноярск крайына айдалган. Андан 1954-жылы бошотулган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]