Кула Тай

Википедия дан

Кула Тай Аккуланын тай кезиндеги аты. Айтуучулар тарабынан К. т-дын таржымалы толук түзүлгөн. Саякбай Каралаевдин вариантында К. т-дын атасы кайберен-кулан, энеси Нойгуттун Карача деген канынын көп жылкыларынын ичине эч адамга көрүнбөй, билинбей пайда болгон «кайыптан келген куу байтал» (к. Куу байтал).

Тууганда жерге жатпаптыр,

Энесинин үстүнөн

Карап турса Карача

Так миң катар аттаптыр (Саякбай Каралаев, 1. 175).

Эпос боюнча К. т. кезинде сынчы сынайт да «күтүп жүргөн ээси бар» экен, өз менчигине тиешелүү мүлктү асырай билген ээсин таап берүүнү Карача канга эскерет. Чынында эле К. т-дын ээси — Манас болот, ал ага тиешелүү. Анткени, болочокто сымбатына сыпаты тѳіі келишкен тулпар болчу К. т. «Олуяттан бата алат, Аккула болуп аталат» (Саякбай Каралаев, 1. 175),— деп эскерилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4