Кулжа-Эмбес гранит кени

Википедия дан

Кулжа-Эмбес гранит кениТалас районунда, Кара-Ой кыштагынан 12 км түштүктө, Кулжа-Эмбес суусунун сол өйүзүндө. 1981-ж. табылган. Кен аймагын соңку кембрийде жана ордовиктин башталышында жиреп чыккан гранит, протерозойдун акиташ тектери түзөт. Кен биотиттүү гранит интрузиясынан турат. Аянттын узундугу 600 м, жазылыгы 80–240 м. Арасындагы аплит, орто курамындагы дайкалар жана протерозойдун ксенолити (аянты 6040 мге чейин) кездешет. Гранит менен мраморлошкон акиташ тектер пайдалуу болуп эсептелет. Гранит – 80%, акиташ – 18,5%ти түзөт. Граниттердин физикалык-механикалык касиеттери: үстүнөн бастырылгандагы бектигинин чеги кургак абалда 114,66 МПа, сууга каныккан абалдагысы 107,88 МПа, жалпы тыгыздыгы 2,7 г/см3. Мраморлошкон акиташтын касиеттери: үстүнөн бастырылгандагы бектигинин чеги кургак абалда 224,44 МПа, сууга каныккан абалында 107,01 МПа, жалпы тыгыздыгы 2,83 г/см3. Гранит менен акиташ чөкмө (бутовый) таш катары колдонулууга болот. Граниттин жана акиташтын запасы А+В+С1 категориясы боюнча 5364 миң м3, С2 – 4651 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]