Кулназар Алмаматов

Википедия дан

Алмаматов Кулназар - Сузак районундагы аскердик ишмер. 1922-жылы азыркы Сузак районунун Кашка-Терек айылында туулган.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Согуш жылдарында[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мектепте окуп жүргөндө согуш башталып, өзү теңдүү курбулары сыяктуу эле окуусун токтотуп, тылдагы оор турмушту башынан кечирет.

1944-жылы кан күйгөн Улуу Ата мекендик согушка чакырылып, Сталиндин туулган шаары, Грузиядагы Гори шаарында кызмат өтөгөн. 1947-жылы согуштан аман-эсен кайтып келип, мектептеги окуусун улантат.

Согуштагы каармандыгы үчүн бир топ медалдарды алган.

Милициялык кызматы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бүткөндөн кийин, 1949-жылы милицияга жумушка орношот да, пенсияга чыкканга чейин Базар-Коргон, Сузак райондорунда, андан кийин Октябрь районунун Сымкат, Гавриловка, Михайловка, Таран-Базар, Кара-Алма, Октябрь кыштактарында участковый инспектор болуп эмгектенген.

Милицияда кызмат кылып жүргөндө, “Отличник милиции”, “За долголетний добросовестный труд” медалын 2 жолу жана бир нече юбилейлик медалдары менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3