Култаң

Википедия дан

Култаң "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Үч-Турпандык Каар аярдын баласы К. Манастын келатканын Текеске кабарлап, Текес, Куяс өлгөндөн кийин Орго канга барат. Орго ат мингизип Акунбешимге кат жазып берип, К-ды андан ары жөнөтөт. Жолдо Кеймен шаага келет. Оргого жардамга жөнөгөнү жаткан Кеймен ат которуп мингизип, ал дагы Акунбешимге кат жазып берип, К-ды жолго салат. Акунбешимге кабар жеткиргени туурасында айтылбай, К-дын айтып келгени чын экен деп согуштан аярлык амалы менен аман чыгып, качып келген Сары кыяр аярдын Акунбешимге айткан сөзүндө гана эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 2. 33—34, 36, 70, 74—75, 78 — 79, 99).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4