Кулунчак

Википедия дан
Кулунчак.

Кулунчак (лат. Aconitum leucostomum) – уу коргошун уруусуна кирген өсүмдүк түрү. Бийикт. 65-200 смге жеткен көп жылдык чөп. Бүт өсүмдүк суюк кирпиктей же тармал түктүү. Жалбырагы чоң, туурасы 25 смге, уз . 15 смге жетет, теңине чейин терең манжадай тилкелүү. Гүлдөрү сабактын учунда кесек калемчедей топ гүлдү түзөт. Желекчеси көгүш кызыл, майда түктүү. Аталык менен энеликтери түксүз. Мөмөсү – оролгон жалбырактай, көп уруктуу кутуча. Бийик тоодогу шалбаада, токой арасында өсөт. Кыргызстанда Күңгөй, Тескей, Кыргыз Ала-Тоолорунда, Сарыжаз өрөөнүндө, Суусамырда, Узунакмат тоосунда кездешет. Тамырынын дарылык касиети бар, ал эми бардык органдары малга уу. к. Уу коргошун.

Кулунчак – Түштүк Кыргызстандын жана Чүй боорундагы эл арасында Чырашты “Кулунчак” деп да айтышаары ж-дө маалымат бар, к. Чыраш.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]