Кулун тоосу

Википедия дан

Кулун тоосу - Алай-Куу өрөөнүндө. Кулун (түш.) жана Кара-Кулжа (түндүк) өрөөндөрүн бөлүп турат. Чыгышында Фергана тоо тизмегине барып такалат, батышынан Ойтал капчыгайы менен чектешет. Узундугу 30 км, туурасы 10 км. Орточо бийиктиги 3900 м, эң бийик жери 4593 м. Кыры урчуктуу, кууш, капталдары кыска, терең капчыгай жана кокту-колоттуу.

Этектерин дээрлик корум таш, шагылдар ээлейт. Палеозойдун кум, акиташ, сланец тектеринен түзүлгөн. Мөңгүлүү (айрыкча Чоңкулун ашуусунун аймагы). Күнгөй беттери каксоо, жапыз, сейрек арча токойлор өсөт. Тескей беттеринде карагай токою кездешет. Ачык жайык жерлерине субальп жана альп шалбаа ландшафттары мүнөздүү. Жолдун татаалдыгынан табигый ландшафтына адамдын чарбачылык таасири анчалык тийген эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]