Кулун (топоним)

Википедия дан

Кулунтопоним. Фергана тоо тизмегинин түштүк-чыгыш капталындагы көл: Кулун көлү. Тар суусунун оң куймасы. К. суусунун башында жайгашкан. Элдик уламыш боюнча калмактар кыргыздарды чаап, туш-тарапка айдап жиберген байыркы мезгилде Жакып кан Алтайга сүрүлүп кетет. Кыргыздардын ичинен 10 түтүн бөлүнүп киши жетпес тоонун арасында калат. Бул он түтүн элди Акас деген мерген кийик атып, тузак салып, багып турат. Анын жалгыз Кулабээси 3 жылы катары менен кайыптан кулун тууйт. Алар кийин тулпар чыгып, бирин Манас (Аккуланы), экинчисин Жолой (Ачбууданды), үчүнчүсүн Көкөтөй (Мааникерди) сатып алат. Кулабээнин кулундарын сатып, оокаттанып калган Акас мергендин эли тоо арасындагы көлгө жакын көчүп келип конушат. Акас мергендин Кулабээси төртүнчү жылы жазга маал көгүш кулун тууйт. Айгыр карабаса деле Кулабээнин кулун тууганына таң калган Акас мерген жолдоштору менен ууга чыгат. Кулабээсин көлдүн боюна аркандап, жолдошторун жөнөтүп жиберип, өзү жээктен алыс, көмүскө жерде жашынып карап турса көл көпкөк болуп, анын бээ аркандалган чети чайкалып, көлдүн түсүнөн айыргыс көпкөк аргымак айгыр сүзүп чыгып бээге келет. Аны жыттагылап жатып, Акас мерген жакты карап калат. Адамдын жытын сезгенсип, башын жерге салып, бээни айланып, башын көтөрүп мерген жакты дагы бир карап, башын чулгуп алып, көк кулунду жалынан тиштеп, көлдү карай сүйрөп кирип кетет. Мерген көлдү караса, анын ичи дүңгүрөп, көп жылкы жүргөнсүйт. Кулабээ көлдү көздөй жүткүнүп, ордунда тыбырчылап кан сийип жиберет. Кулундун жайын мергенден уккан эл Кулабээнин мал болбосун сезип союп алышат. Көлдү кайып алган деп, ак сары башыл кой, ай туяктуу бээ союп, алла тааладан кечирим сурашып, көлгө «Кулун» деп ат беришет. Ошондон кийин Акас мерген ооруп өлөт. Эл К. көлүнүн жанындагы жайлоо мындан кийин Акас жайлоо болсун деп бүтүм чыгарышат, к. Акас мерген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]