Кунаев Динмухамед Ахмедович

Википедия дан
Кунаев Динмухамед Ахмедович
каз. Дінмұхаммед Қонаев
Кунаев Динмухамед Ахмедович
Желек
Желек
Казак КСР Министрлер Кеңешинин Төрагасы
желек
желек
31-март 1955-ж. — 29-январь 1960-ж.
Андан мурунку: Элүүбай Тайбеков
Андан кийинки: Жумабек Ташенов
Желек
Желек
9-чу Казакстан КП БК биринчи катчысы
желек
желек
19-январь 1960-ж. — 26-декабрь 1962-ж.
Андан мурунку: Николай Беляев
Андан кийинки: Исмаил Юсупов
Желек
Желек
Казак ССР Министрлер Кеңешинин Төрагасы
26-декабрь 1962-ж. — 7-декабрь 1964-ж.
Андан мурунку: Масымхан Бейсебаев
Андан кийинки: Масымхан Бейсебаев
Желек
Желек
11-чи Казакстан КП БК биринчи катчысы
желек
желек
7-декабрь 1964-ж. — 16-декабрь 1986-ж.
Андан мурунку: Исмаил Юсупов
Андан кийинки: Геннадий Колбин
 
Дини: Сүннөттөр
Атасы: Минлиахмед Жумабай уулу Конаев
Апасы: Зауре Баир кызы Конаева
Жубайы: Зухра Шарип кызы Ялымова
Партиясы: КПСС
Кесиби: тоолук инженер

Кунаев, Динмухамед Ахмедович [31. 12. 1911 (12. 1. 1912), Верный (азыркы Алматы) шаары — 22. 8. 1993, ошол эле жер] — советтик партиялык жана мамлекеттик ишмер; Казакстан Илимдер академиясынын академиги (1952), техникалык илимдеринин доктору (1969), үч жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры (1972, 1976, 1982). 1936-жылы Москва түстүү металлдар жана алтын институтун бүткөн. 1936—42-жылдары Балхаш, Алтай, Риддер, Лениногор кен комбинаттарында машинист, цех башчысы, башкы инженер, «Алтайполиметалл комбинатында» башкы инженердин орун басары, кен башкармасынын директору, 1942—52-жылдары Казак ССР ЭКСтин төрагасынын орун басары, 1952— 55-жылдары Казакстан Илимдер академиясынын президенти, 1955—60; 1962—64-жылдары Казак ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1960—62; 1964—86-жылдары Казакстан КП БКнын 1-секретары болуп иштеген. СССР Жогорку Советинин (3—9-шайланышынын) депутаты. КПСС БКнын (1956—87), КПСС БКнын саясий бюросунун мүчөсү (1971—87; 1966-жылдан кандидат). Казакстандагы карьерлерде кен казуунун натыйжалуу ыкмаларын изилдеп, өндүрүшкө кийирген. Эмгектери кенди ачык жол менен казуунун теор. жана практикалык маселелерине арналган. 8 Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]