Кур

Википедия дан

Кур 1. Кур — "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Бээжиндин чоң төрөлөрүнүн бири Дуңшанын уулу. Коңурбай Бээжинге келгенден анын жанында жүргөн нөкөрү. Анжыянды таштап Манастан качып келаткан Алоокеге жолукканда Коңурбай К. экөө барганы айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 224).

2. Кур — булгаарыдан, кайыштан жана сызма сыяктуу башка материалдардан, узун жазы кездемеден белди бууп, байлаш үчүн жасалган буюм, белге курчана турган жоолук. Эпостогу маалыматтар курдун байыртадан эле болгондугун айгинелейт: «Белине жоолук — кур берди» (Сагымбай Орозбаков, 1. 45), «Курдан кармап алганы Оодара тартып атынан Чалды жерге салганы» (Сагымбай Орозбаков, 1. 90). Ал эми К-ду моюнга салуу жеңилгендикти же кудайга жалынып тилек тилөөнү билдирет: Мисалы, «Мойнуна курун салынып» (Саякбай Каралаев, 1. 52), к. Ботокур, Боз кисе.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4