Кура-Аракс ойдуңу

Википедия дан
Азербайжан.

Кура-Аракс ойдуңу — Чоң жана Кичи Кавказ тоолорунун аралыгында, Кура жана Аракс дарыясынынын төмөнкү өрөөндөрүндө, Азербайжандын аймагында жайгашкан. Чыгышынан Каспий деңизи менен чулганат. Узундугу 250 км, деңиз деңгээлинен бийиктиги 200 мге чейин, орто жана чыгыш бөлүктөрү деңиз деңгээлинен төмөн жатат.

Мунай кени бар. Шыбактуу жана баялыштуу субтропик чөлү кышкы жайыт катары пайдаланылат. Сугат жерлерине пахта, жемиш бактары, жүзүм өстүрүлөт. Кура-Аракс ойдуңу — Карабах, Муган, Ширван жана Миль түздүктөрүнө бөлүнөт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]