Курманбеков Жумабек

Википедия дан

Курманбеков Жумабек (1929, азыркы Нарын облусу, Ат-Башы району, Ой-Терскен айылы — 1991, ошол эле жер) — малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). 1948—71-жылдары Нарын облусунун Ат-Башы районундагы «Ача-Кайыңды» совхозунун баш чабаны. 1961—65-жылдары ар бир ириктен 4,8—5,2 кг жүн кыркып алган. 1972—82-жылдары чарбада ферма зоотехниги, 1983-жылдан топоз фермасынын бригадири. 1967—75-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Ленин, Октябрь Революциясы ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]