Курубакайыр тоосу

Википедия дан

Курубакайыр тоосуТалас Ала-Тоосунун түндүк тармагы. Суулубакайыр жана Бакайыр сууларынын аралыгында (Бакайырсай суусунун алабы) меридиан багытында 30 кмдей созулуп жатат. Кара-Буура районун аймагында. Туурасы 5–6 км. Орточо бийиктиги 3500–3800 м, эң бийик жери 4457 м (Бакайыр чокусу). Талас Ала-Тоосунун тутумдашкан жеринде мөңгү бар.

Батыш жана чыгыш капталдары тик, жар, коктуколоттор көп. Протерозойдун аягында пайда болгон филлит, акиташтуу сланец, мрамор, доломит тектеринен турат. Тоо капталдарында бадал өскөн жылаңач таштактуу талаа жана шалбаалуу талаа (1800– 1900 м бийиктикке чейин), арча, бадал аралашкан шалбаалуу талаа (2700–2800 м), субальп шалбаалуу талаасы жана альп шалбаасы (3300–3400 м), гляциалдык-нивалдык ландшафттары таралган. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]