Кутан Алп

Википедия дан

Кутан Алп«Манас» эпосундагы мифтик каарманы. К. а. эпостун байыркы катмарын түзгөн кейипкерлерден. Бул тарыхта белгилүү кара кытайлар (кидандар) менен байланыштуу эпоним. Кутан «кидан» этнониминин өзгөргөн түрү, бирок эпосто К. а. менен Китен алп экөө эки башка дөө катары берилген. «Манаста» бирде «Кулан куйрук Кутан алп» (Сагымбай Орозбаков, 3. 99), бирде «Кулагы темир Кутан алп» (Саякбай Каралаев, 1. 80) болуп айтылат. К. Китен алп.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4