Кутман-Көл

Википедия дан

Кутман-КөлБабаш-Ата кырка тоосунун түндүк капталындагы көл. Майлуу-Суу дарыясынын алабында, деңиз деңгээлинен 2875 м бийиктикте жайгашкан. Узундугу 1,5 км, туурасы 600 м, аянты 0,1 км2. Бөгөт көлдөрүнүн тибине кирет. Көл чөйчөгү жайгашкан өрөөнчөнүн капталдары тик. Андан Майлуу-Суу дарыясы агып чыгат. Кутман-Колуно Керей суусу куят жана майда булак, жаан-чачын, кар, монгу сууларынан толукталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]