Куттуу-Сай сейрек металлдар кени
Куттуу-Сай сейрек металлдар кени - Чүй облусунун Кемин районунда, ТазаКемин тоо кыркасында, КуттууСай суусунун оң жээгинде, Кемин шаарчасынан 43 км түндүк-чыгышта, Ак-Түз шаарчасынын жанында, деңиз деңгээлинен 2520 м бийиктикте.
1952—59-жылдары чалгындалып, запасы бекитилген. Кен протерозойдун аягындагы жашыл түстүү сланецтердин жиреп өткөн пермь мезгилинин аягындагы шток сымал гранофир тулкусунда жайгашкан. Кенде сейрек учуроочу элементтердин 8 тиби бөлүнгөн: кварцхлориттүү, кварц-серициттүү кызгылт гранофир, кварц-мусковиттүү, биотиттүү роговик; брекчийленген сланецтер; селениттүү метасоматиттер, кварцталган тоо тектер. Булардын ичинен биринчи үч тиби сейрек учуроочу металлдар запасынын 80%ин берет. Кендин базасында 1958-жылдан Кыргыз тоо-металлургия комбинаты иштеп, 1990-жылга чейин СССРдин сейрек учуроочу металлдарга болгон муктаждыгын канааттандырып турган. 1996-жылдан Өкмөттүн чечими менен казып алуу иштери убактылуу токтотулган. Сейрек учуроочу металлдардын (церий жана иттрий топтору) кен таштагы өлчөмү 0,22—0,27%. Негизги минералдары: иттрий-синхизит, иттрий-паризит, лопарит, монацит, поликраз, иттриалит, перовскит. Эксплуатация башталгандан тартып (1958—91-жылдары), 5454,4 миң тонна кенташ казылып, 22109,5 тонна сейрек учуроочу металлдардын кычкылы бөлүнүп алынган. 1996-жылга карата калган кенташтын запасы В+С1 категориясы боюнча 16763 миң тонна, С — 4465 миң тонна, сейрек учуроочу металлдар кычкылынын запасы В+С1 — 44300 тонна, С2 — 7200 тонна. Танталдын өлчөмү 0,012%, болжолдуу ресурсу 2586 тонна.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7