Куурчак аралы
Куурчак аралы (исп. Isla de las muñecas) - Мексиканын борбору Мехикодо коркунучтуу тасмаларда көрсөтүлүп келген куурчак аралы бар. Чет элдик массалык маалымат каражаттарына таянсак, анын жаралыш тарыхы абдан кейиштүү. Бир канча жыл мурун кичине бир кыз чөгүп кетип, бул жер аны эскерүү жайына айланган. (Isla de las Muñecas) - деп аталган арал жадакалса кайраттуулардын жүрөгүнүн үшүн алчудай бар. Анткени ал жер жалаң асылган куурчактарга толгон.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мунун баары 60 жыл мурун башталган. Мексикалык Жулиан Сантана Баррера аттуу жаран киши жашабаган бул жерди кароо үчүн көчүп келип, отурукташып калган. Бир күнү аралдын кароолчусу каналдардын биринде чөгүп жаткан наристенин кыйкырыгын угуп жетип барат. Тилекке каршы, кечигип калып, кыз чөгүп кетет. Бир канча күндөн кийин кароолчу ошол каналдын үстүндө калкып бара жаткан куурчакты көрүп, аны суудан чыгарып, каза болгон кыздын элесине арнап бакка илип коёт. Мындай жагдай кайталанып, Жулианды таң калтырган. Ырымчыл кароолчу "бул жогору жактан келген белги, өлүп калган кыздын жаны көп куурчак илүүгө чакырып жатат" деп чечкен. Жулиан оюнчуктарды бардык жерден, каналдардан, таштандылардан издеп кирген. Кароолчу тапкандарынын баарын иле берип, колу, буту, башы жок куурчактар бардык жерде пайда болгон. Жергиликтүү тургундар болсо куурчак аралына жакындоодон корко баштаган. Алар "куурчактын башы кыймылдайт, көзүн ачат, кечинде болсо коркунучтуу үн угулат" деп белгилешкен. Ал эми кароолчу "бул куурчактардын жанында кичине кыздын жаны жай алып, өзүн жалгыз сезбейт" деп ишенген. Бул арал Жулиан Сантана Баррера тирүү кезинде эле Мексиканын көзгө урунган атактуу жерине айланган.
Туристтерди кызыктырган арал
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Белгилей кетсек, куурчак аралында жайгашкан көл ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмегине кирген. Бирок туристтик агенттиктер ал жерге барбоону сунушташат. Анткен менен бул жай туристтерди магниттей өзүнө тартат.
Бул аралга келген туристтер куурчак алып келе башташкан. Бирок жаңы, татынакай куурчактар жаан-чачындан улам кебетелери кетип, коркунучтуу болуп калышат. Ал эми 2001-жылы Жулиандын сөөгү кичине кыз чөгүп кеткен жерде табылгандан бери элдер аны каргыш тийген арал деп атап келишет. Азыркы убакта аралда дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген миңге жакын куурчак илинип турат.