Кызарт көрүстөнү

Википедия дан

Кызарт көрүстөнү – 1–4-кылымдагы хунн дооруна таандык мүрзөлөр. Жумгал районунун Кызарт ашуусунда жайгашкан. 12 дөбө мүрзөдөн турат. Анын бешөө А. Н. Бернштам тарабынан изилденген. Бийиктиги 0,21–0,87 м, диаметрлери 8–18 м. Үстүлөрү топурактан үйүлгөн дөбө түрүндө. Көрүстөндөрдүн ички түзүлүшү чарадан жана маркум коюлуучу казанактан турган. Айрымдары жарма көр түрүндө. Маркумдар көргө жалгыздан жана экиден коюлган. Баш сөөктөрү сөлпү түзүлүштө болгон. Жыгачтан, чоподон жасалган идиш, жаа бастырмалары, жүндөн, жибектен жасалган кездеме калдыктары, жаа жебеси, бычак жана ийиктин башы табылган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]