Кызгалдак

Википедия дан
Roemeria refracta.

Кызгалдак (лат. Roemeria) – апийимдер тукумундагы өсүмдүк уруусу. Бир жылдык, кирпиктей түктүү чөп. Сабагынын бийикт. 30-50 см, жалбырактары кезектешип жайгашкан, эки ирет тасмадай тилкелүү. Гүлү сабактын учунда бирден жайгашкан, эки жыныстуу, аталыгы көп, энелиги – 1. Желекчелери – 4, өңү чоктой же көгүш кызыл. Мөмөсү саадакчадай кутуча, уругу көп. Быша элек кутучасынын ширеси сары, коюу. К-дын эки түрү (ийилген К., аргын К.) Жунгар-Кашкарда, Иранда, Жер ортолук деңизинин жээгинде кездешет. Кыргызстанда бул эки түр тең эски аңызда, жол боюнда, тоо этегиндеги кургак боздөңдө, айдоодо өсөт. Кооздук үчүн гүлзарларда өстүрсө болот. Кээде аңызда жазында эфемер боздөңдө жыш бир өңчөй өсүмдүктүүлүктү пайда кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]