Кызматташтык педагогикасы
Кызматташтык педагогикасы – ХХ кылымдын 80-жылдары пайда болгон педагогикалык жаңычылдык кыймыл, Ш. А. Амонашвили, Е. Н. Ильин, И. Н. Иванов, В. Ф. Шаталов, М. П. Шетинин,С. Н. Лысенкова, Е. Гончарова, И. П. Волков, В. А. Караковский, Л. Никитина жана Б. Никитин өңдүү жаңычыл-педагогдордун практикалык табылгасы, советтик мектептин салттуу ыкмаларына жедеп көнгөн, көп миңдеген агартуучулар армиясынын педагогикалык ой-жүгүртүүсүн ойгото алган кубаттуу жаңычылдык идея. Кызматташтык педагогикасы жаңычыл педагогдордун биринчи жолугушуусунда (Москва, Переделкино кыштагы, 1986-жыл) калыптанган.
Кызматташтык педагогикасын коомдук өнүгүүнүн талаптарына жооп берген тарбиялоонун жаңы негизги ойун тутумдук бир бөлүгү катары түшүнүүгө болот. Кызматташтык педагогикасынын негизинде окуучуга гумандуу мамиле, мажбурлоосуз окутуу, максаттын татаалдыгы, таяныч-сигналдар, эркин тандоо, алдыга озуу, калыптын шайкештиги, көлөмдүү блоктор, өзүн-өзү анализдөө, класстын интеллектуалдык фону, жекечилик мамиле сыяктуу жаңычыл-педагогдордун он бир идеясы жатат.
Кызматташтык педагогикасынын башкы идеясы баланы өзүнүн таалим-тарбия алуусунда мугалимдердин, ата-энелердин ыктыярдуу жардамчысы, шакирти жана пикирдеши катары кароо болуп саналат. Кызматташтык педагогикасы баланы педагогикалык жараяндын тең укуктуу катышуучусу деп тааныйт. Кызматташтык педагогикасындагы баланын билим тарбия алуусуна карата мындай мамиле педагогдон баланы ал кандай болсо, ошондой кабыл алууну, баланын кайгы-капасын тең бөлүшүүнү, балага ишенимдүү мамиле жасоону талап кылат. Кызматташтык педагогикасынын талапкерлери бизде да арбын.
Мислы: Талас районундагы «Арал» орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими Бектур Исаковдун Манастаануу сабактары, сабат программасы, ой-толгоо дилбаяндары, Токтогул районундагы «Кызыл жазы» орто мектебинин мугалими Б. Батыркуловдун сабак-сахна, сабак-жомок, сабак-таймаш аттуу стандарттуу эмес сабактары, педагогикалык изденүүлөрү коомчулуктун көңүлүн буруп келүүдө. «Б. Исаковдун сабактарында ар дайым балдардын эркин кыялдануулары, ой жүгүртүүлөрү, акыл чабыттары өкүм сүрүп, накта педагогикалык кызматташтык ишке ашат. Мугалим менен балдардын ортосунда кандайдыр бир «тосмо» жок. Алар сабак учурунда бири-бири менен рухий жактан жуурулушуп, тил,адабият, турмуш, адамдык баалуулуктар жөнүндөгү кызуу пикир алышуулардын, талаш-тартыштардын кучагына кирип кетишет». (Байгазиев С. О., Рысбаев С. К. Педагогикалык тажрыйба изденүүлөр жана табылгалар. Мугалимдер үчүн методикалык колдонмо).
Жаңычыл педагогдордун бардыгы баланын келечек тагдырына кол шилтеп, кайдыгер карабаган, тескерисинче өздөрүнүн жеке жоопкерчилигин сезе билген бийик нравалуу инсандар. «Баланын бактысы мектептен ачылат, – дейт Бекмурза Батыркулов, – баланын тагдырына адилет мамиле кылбасам, ал ишим адамдык беделиме, жарандык парзыма сыйбайт».
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|