Кызылбел-Чар ашуусу

Википедия дан

Кызылбел-Чар ашуусуИчки Теңир-Тоодо. Нарын кырка тоосу менен Ала-Мышык тоосунун тутумдашкан жеринде. Нарын өрөөнү менен Ат-Башы өрөөнүн байланыштырат. Абсолюттук бийиктиги 2295 мден (Кызылбел) 2600 мге (Чар) чейин. Палеогендин кызыл түстүү тоо тектеринен турат. Ашуу Нарын кырка тоосу менен Ала-Мышык тоосунун ортосунда неотектоникалык кыймылда жогору көтөрүлгөн байыркы өрөөндөн орун алган. Азыр бул быткыл дөңсөөлүү аймак. Түндүк капталы тик жана кыска, түш. капталы айдөш жана узун. Жайыт жана кыштоо катары пайдаланылат. Ашуу аркылуу Бишкек — Торугарт автомобиль жолу өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]