Кызыл-Суу колтугу

Википедия дан

Кызыл-Суу колтугуЫсык-Көлдүн түштүк жээгиндеги буйтка (булуңча). Жети-Өгүз районунун аймагында. Кууш кысык аркылуу Кара-Булуң менен туташат. Жазылыгы 150 м, узундугу 1300 м; аянты 1,5 км2. Чыгыш жээги жапыз, саздак, түндүгү менен батышы тик, камыштуу. Колтукка Чоң жана Кичи Кызыл-Суу суулары куят. Түбү күкүрттүү суутек жыттанган баткак менен текши капталган. 4-5 м тереңдикке чейин балыр өсүмдүктөрү өсөт. Алар — сазан балыгынын негизги азыгы. Кызыл-Суу колтугу шамал жана толкундан ыктоо жайгашкандыктан, кеме токтоочу жай курулган. Батыш жак тектиринде учук оорусун дарылоочу санаторий бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]