Кыйыр согуш

Википедия дан
Jump to navigation Jump to search
Советтик аскер кеңешчилери Ангодадагы жарандык согуш (1975–2002) учурундагы аскер амалдарын талкуулап жатышат. Бул - СССР менен АКШ кыйыр катышкан жаңжал.

Кыйыр согуш - бул согуштук аракеттерге түздөн-түз катышпаган башка тараптардын демилгеси боюнча же алардын атынан аракеттенген эки мамлекеттин же мамлекеттик эмес топтордун ортосундагы куралдуу кагылышуу. Жаңжао кыйыр согуш катары каралышы үчүн тышкы таасир ээлери менен согушуп жаткан тараптардын ортосунда түз, узак мөөнөттүү байланыш болушу керек. [1] Жогоруда айтылган мамилелерге катышкан аткаруучулар, адатта, каржылоо, аскердик машыгуу, курал-жарак, же согушуп жаткан тарапка анын аскердик аракеттерин колдоо үчүн заттык жардамдын башка түрлөрүн алат. [1]

Кыскача тарых[оңдоо | булагын оңдоо]

Байыркы доордо жана орто кылымдарда көптөгөн мамлекеттик эмес кыйыр өкүлдөр тышкы тараптар болгон, алар ички жаңжалга кириптер болгон жана аймактагы таасирге ээ болуу жана өз кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн согушкан тарап менен ынтымак түзгөн. Кыйыр таасир ээлери тышкы же жергиликтүү бийлик тарабынан киргизилиши мүмкүн жана көбүнчө талаштуу аймакта өздөрүнүн демөөрчүсүнүн максаттарына жетүү үчүн колдонулган тартипсиз армиялар түрүндө болушу да мүмкүн. [2] Византия сыяктуу орто кылымдардагы кээ бир мамлекеттер кас атаандаштарынын ортосунда тирешүүнү атайылап өрчүтүп, анан алар бири-бири менен согушканда аларды тымызын колдоп, тышкы саясат куралы катары кыйыр согушту колдонушкан. [1] Башка мамлекеттер кыйыр согуштарды жүз жылдык согуш учурундагы Франция жана Англия сыяктуу өлкөлөрдө мурда болгон жаңжалдын пайдалуу уландысы катары гана эсептешкен, алардын экөө тең башкасынын соода кемелерин бутага алган жеке ишкерлерди колдоо боюнча көп жылдык тажрыйбаны баштаган. [3] Осмон империясы да Жер Ортолук деңизиндеги Батыш европалык ири мамлекеттерди сүрүп чыгаруу үчүн айрым каракчы топторун кыйыр согушта колдонгон. [4]

Кансыз согуш учурунда кыйыр согуш АКШ менен Советтер Союзунун ортосунда жүргөн. Совет екметү америкалыктарга жана батыштын башка мамлекеттерине антагонисттик партияларды колдоо тузден-туз согуштук аракеттерге салыштырмалуу күрөштүн үнөмдүү жана натыйжалуу жолу деп тапкан. [5] Ал эми АКШ коомчулугунда согушка каршы маанай өсүп, чет өлкөдө өмүрүн тобокелге салуудан күмөн санагандардын катары калыңдаган. [6] Бул жагдай америкалыктардын козголоңчу күчтөрдү куралдандыруу ыкмасыг чыңдаган; мисалы, советтик-ооган согушу учурунда мужахиддерге жүк жеткирилген. Кыйыр согуштун башка 2 мисалы - Корея согушу [7] жана Вьетнам согушу . [8]

Натыйжалуулук[оңдоо | булагын оңдоо]

АКШ колдогон контрреволюциячыл козголоңчулар. Никарагуа, 1985-ж

Кыйыр согуштар, айрыкча, жергиликтүү аймакка абдан чоң таасирин тийгизиши мүмкүн. Вьетнам согушу учурунда Америка Кошмо Штаттары менен Советтер Союзунун ортосунда олуттуу кесепет тийгизген кыйыр согуш жүргөн. Атап айтканда, АКШнын жардыруу өнөктүгү Вьетнамдагы инфратүзүмдү кыйла талкалап, элдин турмушун кыйындаткан. Миңдеген кишилердин өмүрүн алып, миллиарддаган долларларды алып кеткен, СССРди банкрот кылган жана анын кыйрашына салым кошкон Совет-Ооган согушу да тарыхта өзгөчө маалым. [5]

Кошумча адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Tom Stevenson, "In the Grey Zone" (review of Eli Berman and David A. Lake, Proxy Wars: Suppressing Violence through Local Agents, Cornell, 2019;
  • Tyrone L. Groh, Proxy War: The Least Bad Option, Stanford, 2019;
  • Andreas Krieg and Jean-Marc Rickli, Surrogate Warfare: The Transformation of War in the 21st Century, Georgetown, 2019),
  • London Review of Books, vol. 42, no. 20 (22 October 2020), "Өзөктүк курал - азыркы учурда, жок эле дегенде, өтө күчтүү деп эсептелген - бүгүнкү күндө ири мамлекеттердин ортосундагы кыйратуучу согуштарды жокко чыгарат." (б. 43. )

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. 1.0 1.1 1.2 Hughes, Geraint (2014). My Enemy's Enemy: Proxy Warfare in International Politics. Brighton: Sussex Academic Press. pp. 5, 12–13. ISBN 978-1845196271.  Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; name "Hughes" defined multiple times with different content
  2. Carr, Mike (2016). France, John; Rogers, Clifford; De Vries, Kelly, eds. Journal of Medieval Military History, Volume 10. Woodbridge: The Boydell Press. pp. 163–166. ISBN 978-1-78327-130-6. 
  3. Heebøll-Holm, Thomas (2013). Ports, Piracy and Maritime War: Piracy in the English Channel and the Atlantic, c. 1280-c. 1330. Leiden: Brill. p. 8. ISBN 978-9004235700. 
  4. Watson, William (2003). Tricolor and Crescent: France and the Islamic World. Westport, Connecticut: Praeger Books. pp. 17–19. ISBN 978-0275974701. 
  5. 5.0 5.1 Prof CJ. "Ep. 0014: Fall of the Soviet Empire." Prof CJ, 21 July 2014. MP3 file.
  6. Curtis, Anthony R. "Mass Media Influence on Society." The University of North Carolina at Pembroke, 23 June 2012. PDF file.
  7. . Office of the Historian, Bureau of Public Affairs, United States Department of State.
  8. . A&E Television Networks, LLC..