Кылмыш окуясы

Wikipedia дан
Кылмыш окуясы

Театралдык версиясынын постери
Режиссеру Квентин Тарантино
Продюсер Лоурес Бендер
Оператору Анжей Секула
Тартылгандар Жон Траволта
Сэмүэл Лерой Жексон
Ума Турман
Харви Кейтел
Тим Рот
Аманда Пламмер
Мария де Медейруш
Винг Рэймс
Эрик Штолц
Розанна Аркетт
Кристофер Уолкен
Брүс Уиллис
Редактору Салли Менке
Жайылтуучу Miramax Films
Чыккан жылы
  • Май 12, 1994 (1994-05-12) (Cannes)
  • Октябрь 14, 1994 (1994-10-14) (АКШ)
Узактыгы 154 мүн.[1]
Өлкөсү АКШ
Тили Англис
Бюджети $8–8.5 млн.[2][3]
Киреше $213.9 млн.[2]

"Кылмыш окуясы" (англ. Pulp Fiction, орус. Криминальное чтиво) - 1994-жылы Квентин Тарантино жазган жана тарткан америкалык нео-нуар комедия. Сценарийин Тарантино жана Рожер Эвери жазышкан. Жогорку стилде тартылган тасма Лос-Анжелестеги бандиттер жана табышмактуу чемодан окуяларын байланыштырат. Тасманын аталышы XX кылымдын ортосундагы кылмыш окуяларын баяндаган арзан журналдардан жана романдардан келип чыккан.

Тасманын сценарийи 1992-93-жылдары жазылган, ал эми кээ бир окуялары Эверинин "Чыныгы роман" чыгармасынан алынган. Тасманын окуясы Тарантинонун башка эмгектериндегидей эле ырааттуу берилген эмес. Тасма аталышындагы "pulp" сөзүнүн сөздүктөгү эки маанисин берүү менен шилтемелүү башталат. Тасманын көпчүлүк бөлүгү монолог жана каармандардын ар кандай темада көз карашын чагылдырган эклектикалык диалог, шылдыңдуу комедия жана ашынган зомбулуктан турат.

Тасма 1994-жылы Канн фильм фестивалында "Palme d'Or" сыйлыгын утуу менен киносынчылардын элегинен ийгиликтүү өтүп, ийгиликтүү сатылган. Тасма Жон Траволта ("Оскар" сыйлыгына көргөзүлгөн), Сэмуел Л. Жэксон жана Ума Турмандын карьерасын кайра жандандырган. Тасма "Эң мыкты тасма" сыяктуу 7 "Оскар" сыйлыгына көргөзүлгөн жана Тарантино менен Эвери "Эң мыкты сценарий" сыйлыгын утуп алышкан. Тасманын өнүгүү табияты, кирешеси жана жайылышы көз карандысыз кинематографияга чоң таасир тийгизген.

"Кылмыш окуясы" жарыкка чыккандан бери Тарантинонун чыгаан чыгармасы катары кабыл алынып келет, сценарийи да өзүнчө мактоого татыган. Тасманын чагылдырылышын, салттуу эмес түзүлүшүн жана аралаш кадрларды ашыкча колдонуусун киносынчылар постмодерн тасмаларынын өзгөчөлүгү катары сүрөттөшөт. Бул кийинчерээк тасмаларда гана эмес башка медиа түрлөрүндө да жайыла баштаган маданий агым катары эсептелет. 2008-жылы "Entertainment Weekly" сурамжылоосу боюнча тасма 1983-жылдан кийин чыккан эң мыкты тасма деп табылган жана көптөгөн киносынчылардын тизмесинде эң мыкты тасма деп эсептелген. 2013-жылы АКШ Конгрессинин китепканасы тасманы "маданий, тарыхый же эстетикалык баалуу" деп Улуттук кино реестринде сактоо үчүн тандап алган.

Сюжет[оңдоо | булагын оңдоо]

Тартылгандар[оңдоо | булагын оңдоо]

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Тышкы шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Калып:Wikiquote Калып:Commons category

Калып:Quentin Tarantino Калып:Roger Avary

Калып:Navboxes

  1. Кылмыш окуясы. British Board of Film Classification. Текшерилген күнү 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2012.
  2. 2.0 2.1 Кылмыш окуясы (1994). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 13 Май (Бугу) 2012.
  3. Waxman (2005), p. 67; Biskind (2004), p. 170; Polan (2000), p. 69; Dawson (1995), pp. 147–148.