Кылычев, Акылбек Мукаевич

Википедия дан
Профессор Кылычев Акылбек Мукаевич.

Акылбек Мукаевич Кылычев (25.12.1966) – кыргыздын заманбап тарыхчыларынын бири, чыгыш таануучу, элчи, дипломат, тарых илимдеринин доктору, профессор. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине караштуу Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын ректору (02.8.2023 тартып). [1]

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1966-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын Нарын шаарында туулган.

Фрунзе шаарындагы СССРдин 50 жылдыгы атындыгы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факультетин аяктаган. 1989-жылы Кыргыз ССРинин билим берүү министирлигинин жолдомосу менен Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факультетинин «Байыркы чыгыш жана орто кылымдар тарыхы» кафедрасына окутуучулук кызматына кабыл алынган. 1990-1992-жылдары Өзбек ССРинин, кийинчерээк Өзбек Республикасынын Илимдер Академиясынын Ташкент шаарындагы Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунун «булактаануу жана каталогдоштуруу» бөлумундө илимий стажировкадан өткөн жана ушул эле институттун аспирантурасында окуган. 1995-жылы «XIV-XY – кылымдардагы Теңир-Тоо жана ага чектеш аймактардын тарыхы (айрым фарсы булактары боюнча)» аттуу темада кандидаттык диссертациясын жактаган. 1996-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министирлигине кызматка чакырылган. 1998-жылы Египет Араб Республикасынын Тышкы иштер министирлигинин Дипломатиялык академиясынын курсунда окуган (Каир ш.). 1998-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчилигинде 1-катчы, кенешчи жана Элчинин милдетин аткаруучу кызматтарын аркалаган.

2005-жылы Шараф ад-Дин Али Йездинин «Зафар-наме» асарынын XIV-XV кылымдардагы Теңир-Тоо жана ага чектеш аймактардын тарыхы боюнча маалыматтары аттуу темада докторлук диссертациясын жактаган.Анын илимий кеңешчилери - т.и.д., проф. Т.К.Чоротегин жана Озбек илимдер Академиясынын Чыгыш таануу институтунун ага илимий кызматкери тарых илимдеринин доктору, профессор Д.Ю.Юсупова.

2009-жылы Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө өлкөлөрдүн (Азербайжан, Иран, Казахстан, Кыргызстан, Ооганстан, Пакистан, Тажикстан, Түркия, Түркменстан, Өзбекстан) тарых, адабият жана өнөр номинациясы боюнча атайын сыйлыгынын лауреаттыгына татыган. Бул сыйлык А.Кылычевге ЭКУ өлкөлөрүнүн Тегеран шаарында өткөн Саммитинде Түркия Президенти Абдуллах Гүл тарабынан 2009-жылы март айында тапшырылган.

Кыргыз Тарых Коомунун мурдагы мүчөсү.

Ал 2023-жылдын 2-августунан тартып Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине караштуу Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын ректору кызматын аркалай баштады. [2]

Илимий жетекчилик жана редактордук иши[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2011-жылы А.Кылычевдин жетекчилиги астында Рахимов Руслан Марадбековичтин "Трансформация кыргызского кочевничества в 20-30-е годы ХХ века в работах западных исследователей") аттуу темадагы кандидаттык иши ийгиликтүү жакталган.

2012-жылы А.Кылычевдин илимий редакциялоосунун астында Бириккен Араб Эмиратынын жараны жараны Абдул Эллах Абдул Кадер Хусаиндин «Ирактагы ал-Хусайни театрынын тарыхы” («История театра Ал-Хусайни в Ираке») аттуу монографиясы жарык көргөн.

2016-жылы А.Кылычевдин жетекчилиги астында Молотова Эльвира Максимовнанын "Тазкира-йи Бугра-ханийа" как исторический источник эпохи Караханидов (вторая половина Х-начало XI вв.) аттуу темадагы кандидатык иши ийгиликтүү жакталган.

Элчилик даражасы. Сыйлыктары.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2007-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен жогорку дипломатиялык Атайын жана ыйгарым укуктуу кичи Элчи рангы ыйгарылган.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөлүү. Жубайы - Мира.

Уул-кызы бар.

Акын Эсентур Мукаевич Кылычев. Бишкек ш. 15.04.2012.

Акылбек Кылычевдин улуу агасы Эсентур Кылычев - Кыргызстандагы заманбап акын, журналист жана котормочулардын бири.

Эмгектеринин тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз элинин этникалык жана этносаясий тарыхына байланыштуу 60 дан ашуун илимий макалалардын жана 2 монографиянын автору.

  • Кылычев, Акылбек Мукаевич. XIV-XV кылымдардагы Теңир-Тоонун этносаясий тарыхы: (Айрым фарсы булактары боюнча) / Жооптуу ред. Т.К.Чоротегин (Чороев). - Бишкек: Эркин-Тоо, 2004. – 130 б. – ISBN 9967-22-153-4.
  • Кылычев, Акылбек Мукаевич. XIV-XV кылымдардагы Теңир-Тоо тарыхнаамасынан // Manas Üniversitesi Sosyal Bilimler Dergisi. – Бишкек: КТМУ, 2004. - № 12. – 35-40-бет.
  • Кылычев, Акылбек Мукаевич. Шараф Ад-Дин Али Йездинин “Зафар-Наме” чыгармасында Эмир Тимур Көрөгөндүн чыгыш өлкөлөрү менен дипломатиялык мамилеси // Manas Üniversitesi Sosyal Bilimler Dergisi. – Бишкек: КТМУ, 2004. - № 10. – 43-49-бет.
  • Кылычев, Акылбек Мукаевич. История Притяньшанья и сопредельных территорий в свете произведения Шараф ад-Дина Али Йезди "Зафар-наме" XIV-XV вв.: Автореф. дис. на соиск. учен. степ. д.ист.н.: спец. 07.00.02: спец. 07.00.09 / Кылычев Акылбек Мукаевич; [Кыргыз. нац. ун-т им. Ж.Баласагына. Каф. истории стран Азии и Африки]. - Бишкек: 2005. - 38 с.; 21 см.
  • Кылычев Акылбек Мукаевич. Центральная Азия и сопредельные территории во время Тамерлана // Вестник Волгоградского государственного университета. Серия 4: История. Регионоведение. Международные отношения. – Волгоград, 2005. – С. 48-52.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://dipacademy.kg/rector_da/
  2. https://www.azattyk.org/a/32546091.html?nocache=1