Кыл көпүрүк

Википедия дан

Кыл көпүрүк - жер аты. Исфайрам дарыясынын кууш жериндеги эски көпүрүктүн орду ушундай атылып калган.

Азыркы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Өлагыш жана Алыш кыштактарын [[Чавай[[]](Чаувай)]] жана Кара Жыгач кыштактары менен туташтырган жолдо.

Кеңеш өкмөтү келип, Чавайга араба каттагандай кенен жол салынганга чейин чавайчылар Исфайрамдын ушул кууш жерине эки устун жаткырып, Алыш жакка өтүшчү экен.

Тар жерде дарыя ылдам аккандыктан жана көпүрүк өтө тар болгондуктан андан башы айланган адамдар менен кары-картаңдар өтө алышпагандыктан, эки бийик жээкти туташтырган көпүрүк «Кыл көпүрүк» деп аталып калган.

Азыр көпүрүк жок. Бирок, анын аты илгери көпүрүк турган жерге карата айтылып келет жана көпүрөөнүн орду менен эски изин байкоо мүмкүн.


Пайдаланылган адабияттар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6.


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]