Өлагыш

Википедия дан

Өлагыш - жер аты. Исфайрам өррөнүнүн оң капталында. Азыркы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон жана А. Масалиев атындагы айыл өкмөттөрүнө караштуу кыштакча да ушундай аталат. Көмүр кени бар.

Кыштактын төрүндөгү кызыл жошо өңдүү дөң дайыма туз же ун сепкендей агыш тартып тургандыктан ага жакын жашаган эл «Оол агыш» деп жүрүп, бирок «Өлагыш» деп жатык тилде айтылып калган.

Бирок, кеңеш өкмөтү жылдары, айрыкча, 1970-жылдарга чейин жер өлчөөчүлөр коңшулаш Үч-коргондук тажиктердин айтуусу боюнча «Волахыш» же «Валахыш» деп жазып, ошол ат ырасмий кабыл алынып калган.

Өлагыш айылынын жанында Кыл көпүрүк деген жер бар.


Пайдаланылган адабияттар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6.


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]