Кыргызстандагы алгачкы үн жаздыруу

Википедия дан

Алгачкы жазылган үнКенжекара деген манасчынын доошу. Аны 1902-жылы Чүй өрөөнүнөн орустун үн жазуу боюнча туңгуч ышкыбоздору жазып кетишкен. Алты калтекке (валик) жазылган манасчы Кенжекара Семетейдин Үргөнчкө барган жеринен үзүндү айтат. Бул туңгуч үн документи азыр Ленинграддагы Пушкин үйү деп аталган орус адабият институтунун фонограмма архивинде сакталуу. Андан отуз жылча өткөн соң гана кыргыздын комузчулары менен ырчыларын граммофонго жана радиого жазып алуулар башталган.

Таштанкул Бөрүбаев, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген кызматкер. "Кыргыз поэзиясынын антологиясы"нан (1984) "Үн жана мезгил" (түзүүчудөн) кириш сөзүнөн.