Кыргызстандын марганец кендери

Википедия дан

Кыргызстанда марганецтин 40тан ашуун майда кенчелери белгилүү. Алар чөкмө жана гидротерм жолдору менен пайда болгон. Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында марганец-вольфрам кенчеси (Тосор) табылган жана алардын өлчөмдөрү кичине болгондуктан өнөр жайлык мааниси азырынча жокко эсе. Бирок айрымдары, мисалы, Тосор, Каралма, Арчалы кендери дагы изилденүүгө муктаж.


Тосор марганец-вольфрам кени[түзөтүү | булагын түзөтүү]

[Ысык-Көл облусу|Ысык-Көл облусунун]] Тоң районунда, Тескей Ала-Тоонун этегинде, Балыкчы–Каракол автомобильжолунан 25 км түштүктө. 1959-ж. ачылган. 1971–72-ж. кенге баа берүү жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын палеозойдун чөкмө тектери жана гранит интрузиясы түзөт. Марганец кени гранитти кендик багытта кесип өткөн тектоникалык жараканы бойлой жайгашкан. Гранит неогендин чөкмө тектеринин брекчиясы менен жабылып жатат. Брекчиянын тектоникалык жаракалар зонасы менен кошулган жеринде марганец-вольфрам рудасынын линза сымал тулкулары бар. Бардыгы 10 руда тулкусу аныкталган. Алардын ичинен үчөө жакшы изилденген. Руда тулкусунун узундугу 200 м, калыңдыгы 0,55–7,75 м. Марганецтин орточо өлчөмү 2,58%, вольфрам кычкылыныкы – 0,3%. Үч руда тулкусунун запасы жана болжол ресурсу 1333,4 миң т, марганецтики – 31,4 миң т, ошондой эле вольфрам кычкылыныкы – 0,2 миң т.

Арчалы марганец кени[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нарын областынын Тянь-Шань районунда. Нарын шаарынан 50—60 км түндүк-чыгыш тарапта, Жетим -кырка тоосунун түндүгүндө Арчалы суусунун сол жээгинде. 1956-ж. табылган. Кен жаткан жерде байыркы казындылар бар. Кендин аймагын кембрий мезгилинде пайда болгон аки таш теги, сланец, кремний, ордовикке таандык сланец, яшма жана палеоген-неогендин конгломерат, кумдук, чопо тектери түзөт. Heгизги минералдары: браунит, гаусманит, псиломеланвад, гематит, лимонит ж. б. Кен жанар тоо-чөкмө жолу менен пайда болуп, линза, тарам, 'уячалар түрүндө, ордовиктин гематит-кремнийлүү сланец жана яшмадан турган тоо тектеринде топтолгон.Руда кабатчаларынын калыңдыгы 30—40 м, узундугу 100—150 мге жетет, андагы марганец орто эсеп менен 15,4%.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]