Кыргызстандын хром кендери

Википедия дан

Кыргызстандын аймагында хром минералдашуусунун 30дан ашуун кенчелери белгилүү. Алардын көбү генезиси боюнча ультранегиздүү курамындагы интрузиялар менен байланышкан. Мында хромит шлир, бүртүк түрүндө кезигет. Ошондой эле, хромдун минералы-хромененикелдүү сымал ультранегиздүү тоотектердин арасында жаткан акиташ тегинин катмарларында учурайт.

Түндүк Теңир-Тоо бүктөлүү облусунда Токтогур-Булак хромененикель кенчелеринин тобу белгилүү. Алар Актүз рудалуу талаасынын түндүгүнөн орун алып, субкеңдик багытындагы зона менен байланышкан. Гнейс аркылуу кеткен бул зонада серпентиниттин тарам сымал тулкулары өз ара хром менен никелдин минералдашуусу учураган листвениттер менен кошулат; зонанын узундугу 10 кмге жетет. Чаткал — Курама бүктөлүү облусунда Торгой кенчелеринин тобу белгилүү. Мында да руда листвениттердин тулкулары менен байланышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]