Кыргызстан калай рудалары

Википедия дан

Кыргызстандын аймагында ар кандай шартта пайда болгон калайдын 100дөн ашык кени белгилүү.

Минералогиялык-геохимиялык өзгөчөлүктөрү боюнча алар силикат-кварцтуу жана силикат-сульфативдүү болуп эки топко бөлүнөт. Биринчисине пегматит жана касситерит-кварц, экинчисине калайлуу скарн, касситерит-силикат жана кисситерит-сульфид формациялары кирет. Түндүк Теңир-Тоо аймагында калайдын түрдүү генезистик типтеги көп майда кендери бар. Кыргыз Алатоосунун батыш бөлүгүндө калайдын касситерит-сульфид (Ачык Таш, Алмалы), калайлуу скарн (Терексай, Кулан ж. б.) формацияларына кирүүчү кенчелер белгилүү; касситерит-сульфид формациясынын айрым кенчелери Актүз-Борду аймактарында (Актүз, Куттусай-2, Курсай) да таралган. Касситерит-кварц формациясы Күнгөй Алатоонун ортоңку жана батыш бөлүгүндө ( Ортобайсоорун, Чөң Өрүктү ж. б.) кездешет. Калайлуу скарндын (Узунбулак), пегматиттин (Түзашуу) жана калайлуу грейзендин майда кенчелери Чаткал-Курама тоолорунда таралган. Калай Түштүк Теңир-Тоодо Эңилчек жана Акшыйрак рудалуу тоомдорду камтып туруучу Сарыжаз рудалуу районунда бар. Эңилчектеги калай рудалары (Ташкороо, Суходол, Атжайлоо ж. б.) көп формациялуу ассоцациялар түрүндө гранитоид массивдеринин эндо- жана экзоконтакттарында топтолгон. Акшыйрак рудалуу тоомундагы калай рудасы ар кайсы формацияга таандык. Касситерит-силикат формациясынын турмалин тибине Лагерный, Таштарата кендери кирет. Сарыбулак кени касситерит-сульфид формациясына кошулат. Республиканын аймагында, ошондой эле вольфрам, күмүш, стронций, германий ж. б. кенчелери да белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]