Кыргызстан сымап кендери

Википедия дан

Кыргыз Республикасынын аймагында сымап менен сурьма кендерин б. з. ч. кылымдын 1—2 миң жылдыктарында эле казып алуу башталып, ал б. з. 8 —11-кылымдарында кызуу жүргөн.

Азыркы ачылган кендердин дээрлик бардыгы байыркы кен казындыларынын издери менен табылган. Алай кырка тоосунда сымаптын жана сурьманын кени бар экендиги жөнүндө 19-кылымдын аягы (сурьма) жана 20-кылымдын башында (сымап) биринчи жолу айтылган. 1930-жылдардын башынан сурьма, 1941-жылдан сымап кендери казып алына баштаган. Сымап кендери негизинен Түштүк Кыргызстандын аймагында таралган. 180дей кени жана кенчелери белгилүү. Минералдык курамы, геологиялык түзүлүшү өзгөчөлүгү жана геологиялык-структуралык абалы боюнча кварц-флюорит-антимонит-киновардуу (жаспериоддүү), магнезий-карбонат-киновардуу (листвениттүү), карбонат-киновардуу, кварц-диккит-киновардуу типтерге бөлүнөт. Жаспериоддүү типке акиташ тектери менен аларды жаап жаткан сланецтердин контакт зоналарында жайгашкан сымап жана сымап-сурьма (мышьяк жана флюорит кошо) кендери (Айдаркен, Чабай) кирет. Руданын минералдык курамы салыштырмалуу татаал. Негизги минералдары: киноварь, антимонит, кварц, флюорит, кальцит. Бул типтеги кендер генезиси боюнча гидротерм кендеринин тобуна кошулат. Алар төмөнкү температурадагы суу эриндилеринин аракетине байланыштуу жана мындай кендердин өнөр жайлык мааниси чоң.

Листвениттүү типке Түштүк Теңир-Тоонун чет-жакаларындагы серпантинитешкен гипербазистердин массивдери менен геологиялык-структуралык тыгыз байланышта болгон сымап кендери кирет. Кен бир гана металлдан — сымаптан турат. Сейрек учурда жана аз санда антимонит, галенит ж. б. учурайт. Курамында флюориттин жоктугу мүнөздүү. Рудалары массивдүү, сепкил жана тарамча түрүндө. Карбонат тибиндеги сымап кендери (Түштүк Кыргызстандагы Сымап, Адыркоо, Бирксуу ж. б.) карбонат тектерин калың катмарында — акиташ тектери менен долмиттерде топтолгон. Руда негизинен бир минералдан — киновардан түзүлгөн; кендин пайда болушу калың катмардан сарыгып өтүүчү төмөнкү температурадагы эриндилер менен тыгыз байланыштуу.

Кыргызстандын аймагында булардан башка терриген тоотектеринде-алевролит, кумдук, гравелит жана конгломераттарда пайда болгон кварцит-диккит-киноварь тиби да жолугат (Молдотоо).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]