Кыргызстан тантал-ниобий рудалары

Википедия дан

Кыргызстандын аймагында тантал-ниобий рудалары бар экендиги жөнүндөгү алгачкы маалымат 1931–37-жылдары Тажик-Памир экспедициясынын Түркстан кырка тоосундагы пегматит кендеринде геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында алынган.

Кыргызстанда тантал-ниобийдин 8 кен жана 4 кенчеси белгилүү. Алар негизинен карбонатиттер (Сарсаний, Делбек, Түтөк), пегматиттер (Чекенди, Батанчал, Каравшин, Бактиек) жана гранитоиддер (Куттуусай-2, Коргон, Актүз, Кызылташ, Каражылга) менен байланышкан. Түркстан-Алай тоо кыркасында (Чекенди, Түтөк, Делбек, Жылусуу, Кундайлык-2, Талдык), Какшаал тоо кыркасында (Сарысай), Кыргыз Алатоосунун батыш жак учунда (Каражылга, Кызылташ, Батамчал), Талас Алатоосунда (Коргон), Кичи Кемин суусунун алабында (Куттусай), Нарын дарыясынын төмөнкү агымында (Чумалы) табылган. Алардын ичинен Чекенди, Каражылга, Кызылташ, Чумалы, Кундайлык-2, Батамчал кенчелеринде ниобий, ал эми Сарысай, Жылусуу кендеринде тантал артыкчылык кылат. Танталдын запасы ири деп болжолдонгон кендери: Түтөк, Делбек; орточолору: Куттусай-2, Чумалы, Жылуусуу, Сарысай; калганы майда кенчелер.

Ниобийдин болжолдонгон запасы боюнча орто кен деп Чумалы эсептелет, калгандары майда кенчелер. Тантал менен ниобий кендеринин ичинен Куттуусай-2 гана дыкат чалгындалган, калган кен-кенчелер үстүртөн гана изилденген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]