Кыргызстан чымкөң кендери
Чымкөң жаткан жерлер Кыргызстандын аймагынын 0,02%ин ээлейт. Алар негизинен Нарын, Чүй, Талас. Жыргалаң дарыялары жана алардын куймаларынын жайылмаларындагы камыш-өлөң чөптүү саздарга туура келет.
Кендери майда: запасы 5 млн м3ге чейин жеткен чым көң чыгуучу жер Чүй өрөөнүндө (Токмок). 3 млн м3ге чейинкиси Ысык-Көлдө (Коңурөлөң) жайгашкан. Чым көң төмөндөгү сапаттык көрсөткүчтөрү менен айырмаланат (орточо маалымат менен): 30 — 40% нымдуулуктагы салыштырма салмагы 1,4 —1,6; көлөмдүк салмагы 1,12 — 1,41; күлдүүлүгү 33 — 40%; 10 —13% нымдуулукта күйүүдөгү жылуулук берүү жөндөмдүүлүгү 2000 — 3500 ккал/кг. Республикада чым көң отун катары аз пайдаланылат. Негизинен айыл чарбада жер семирткич катары колдонулат. Айрым чым көң жаткан саздуу жерлерден дары баткак кендери табылган (Камышановка, Жыргалаң, Үгүт ж. б.)
Дагы кара
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7