Кыргыз-Ата Чополуу Бүлөө таш кени

Википедия дан

Кыргыз-Ата Чополуу Бүлөө таш кени - Ош облусунун Ноокат районунда, Эски-Ноокат кышнан 12 км түштүктө, Кыргыз-Ата суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээли 1800-2300 м бийикте. 1989-90-ж. чалгындалган. Кен аймагы силур, девон системаларынын жанартоо-чөкмө катмарларынан, таш көмүр мезгилинин интрузияларынан түзүлгөн. Чополуу бүлөө таш (сланец) силур мезгилинде пайда болгон. Бүлөө таштын өңү каралжын боз, чымкый кара, калыңдыгы 60 мден 200 мге чейин, көөп чыгуу температурасы 1170-1200°С, көөп чыгуу коэффиценти — 4, 5, алынган керамзиттин тыгыздыгы 0,56 г/см3. Чополуу бүлөө таш 1-категориядагы керамзиттик шагыл, кум алууга жарамдуу. Запасы В категориясы ред.: Т. К. Койчуева, В. М. Плоских, Т. У. Усубалиебоюнча 1170 миң м3, С1-4182 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]