Кыргыз-Түрк "Манас" университети

Википедия дан
Кыргыз-Түрк Манас Университети‎»‎ барагынан багытталды)
Кыргыз-Түрк Манас Университети
(КТМУ)
Урааны

Университеттен да артык !!!

Негизделген жылы

1995-жыл

Түрү

Мамлекеттик

Ректору

Алпаслан Жейлан

Студенттери

6000 ашуун

Жайгашкан жери

Бишкек,  Кыргызстан

Кампусу

Чыңгыз Айтматов кампусу

Юридикалык дареги

720044, Бишкек, Тынчтык пр. 56

Сайты

manas.edu.kg  (кырг.),  (түрк.),  (орус.),  (англ.)

Кыргыз-Түрк Манас Университети [1] Archived 2018-01-28 at the Wayback Machine - 1995 жылы Кыргызстан жана Түркия ортосундагы келишимдердин негизинде Бишкек шаарында курулган. Бүгүнкү күндө бул окуу жайда 6000 ден ашуун студент билим алууда. Түрк тилдүү элдердин биригиши үчүн алтын көпүрө болуп саналат.

Mиссиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Университеттин миссиясы: Кыргыз-түрк жана башка түрк элдеринин жаштарын бирге билим алышын, орток түшүнүк жана ишбиргеликти өрчүтүшүн, университеттин дүйнөлүк илим куржунуна өз салымын кошушун камсыз кылып түрк цивилизациясынын ренессансына колдоо көргөзүү.

Заманбап университет моделин жана заманбап таалим-тарбия берүү стандартын колдонуп Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына үлгү болгудай университеттин системасын куруу, дүйнөлүк интеграция процессинде алдыѕкы топто жүрүү, модерн, демократиялык жана секулярдык мамлекет түзүлүшүнө ынанган, адам укугун коргогон, улуттук өз-кимдигин билген, рухий байлыктарга жан тарткан, дени карды сак, акылга бай, сезгич, адептүү, коом алдында жоопкерчилик күткөн, тапкыч, жаратман муунду тарбиялап өстүрүү, өнүккөн өлкөлөрдүн демократия жана базар экономикасы жаатындагы тажрыйбаларынан пайдаланып Кыргыз Республикасынын демократиялашуу жана базар экономикасына өтүү процесстеринин тездешине өз салымын кошуу, изилдеп-иликтеп өрчүтүү, басып чыгаруу, маалымат технологияларды жаратуу жумуштарына материалдык көмөк көргөзүү жолу менен дүйнөлүк илим адабиятынын өрчүтүлүшүнө жана дүйнөдөгү маалыматтын жайылышына өз салымын кошуу, түрк дүйнөсү жаштарын, улуттук байлыктарын барктаган ошол эле маалда дүйнөлүк көз-карашты билген инсан катары тарбиялоо, эл аралык даражада тандалма адамдардын мүчөлөрү катарына кошуу, келечектеги муунду ар тараптан билгин, өзүнө ишенген, маселеге сын көз менен караган, ар тарабын баамдаган, ойлоп иш кылган, дайыма өзгөрүп турган коомго тез көнүшүп кеткен, демократиянын шарттарын аздектеген, кыймылдуу, тобокелге сала билген, ишбиргелике ачык, эркин ойлогон, тапкыч, иликтенген, искусствого баа берген, өнөргө шыктанган инсан катары тарбиялоо, элге керектүү жогорку билимдүү же магистр даражасын алган адистерди тарбиялап чыраруу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]